Дания аскердик бюджетин көбөйтөт

Орусия Калининград облусуна ракетадан коргонуу системасын орнотконуна байланыштуу Дания аскердик бюджетти көбөйтмөй болду. Бул тууралуу Даниянын коргоо министри Клаус Хьорт Фредериксен билдирди.

Жергиликтүү ММКга маалымат берип жатып министр аскердик чыгымдар өлкөнүн ИДПсынын 2 пайызына чейин жетиши мүмкүндүгүн билдирди. Буга чейин НАТОдогу өнөктөштөр да расмий Копенгагенди коргоонууга каражатты көбөйтүүгө үндөп келишкен.

Өткөн жылдын октябрь айында Орусия Калининград облусуна “Искандер” ракеталарын жана С-400 абадан коргонуучу системасын орноткон. АКШнын мамлекеттик департаменти Москванын бул аракетин айыптап, Европанын коопсуздугун бузарын билдирген. (SDz)