Өндүрүшчүлөргө “Аракет-2016” улуттук сыйлыгы тапшырылат

Кыргызстанда өндүрүш менен алектенген компанияларга бүгүн “Аракет-2016” улуттук сыйлыгы тапшырылат. Алгач ирет берилип жаткан бул сыйлыкты “Ата мекендик өндүрүшчүлөр” ассоциациясы уюштурганын аталган уюмдун төрагасы Бакыт Дегенбаев “Азаттыкка” билдирди.

Өкмөт жана Экономика министрлиги менен макулдашып, андан соң “Фейсбуктагы” “Кыргызстандан сатып ал” деп аталган тайпада онлайн добуш берүү менен мыктылар тандалган. Алгач жүздөн ашуун компания сунушталып, добуш берүү сынагына 60ы катышкан. Алардын 15и түрдүү багытта жеңүүчү деп табылды.

-Аларга сый белек (статуэтка) берилет. Ал жүрөк формасында жасалды. Ортосунда Made in Kyrgyzstan деген жазуу бар. Жүрөк бул – Кыргызстандын экономикасы. Ал эми экономиканын жүрөгү – өндүрүүчүлөр,- дейт Дегенбаев.

Жеңүүчүлөр арасында өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр бар. Сыйлоо аземи бүгүн, 13-январда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтөт. (SE)