Тажик президентинин уулу Душанбенин мэри болду

Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалини өлкөнүн баш калаасы Душанбенин мэри кылып дайындады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 12-январда билдирди. Президенттин буйругу менен Рустам Эмомали Душанбенин мэрлигине дайындалып, ал эми өлкө башчынын дагы бир буйругу менен калааны 19 жылдан бери башкарып келген Махмадсаид Убайдуллоевдин кызматынан алынганы маалымдалат.

Рустам Эмомали буга чейин Антикоррупциялык агенттикти жетектеп келген.

Бир нече апта мурда Эмомали Рахмондун үчүнчү кызы Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигинин эл аралык департаментинин башчысы болуп дайындалган. Ал эми бир жыл мурда президент дагы бир кызы Озода Рахмонду өз администрациянын жетекчиси кылып дайындаган.

Рахмондун башка дагы бир топ жакын туугандары өлкөдөгү кирешелүү бизнестерге ээлик кылышат. Тогуз балалуу президент Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет.