Европага акыркы 50 жылдагы катуу суук түштү

Сербияда абанын түнкү температурасы -20 градуска чейин төмөндөдү.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, калың түшкөн кардан улам Балкан өлкөлөрүндө, Чыгыш Европада жана Грецияда ондогон адамдар каза таап, электр жарыгын берүүнү үзгүлтүккө учуратты.

Ушул жума ичинде Боснияда төрт адам, Сербияда алты киши, Косоводо эки жана Македонияда үч адам тоңуп өлдү.

Учурда аймакта абанын температурасы түнкүсун 20 градуска чейин төмөндөп жатат. Бул Европа үчүн 1963-жылдан бери катталган өтө төмөн көрсөткүч.

Кайрымдуулук уюмдары ызгаар сууктан эң ириде үй-жайсыздар жана мигранттар жабыркап жатканын айтып, билдирүү таратты.

Мерт кеткендердин басымдуу бөлүгү да бозгундар экени маалым болду.

Дал ушундай абалда Сербияда кыштын кыраан чилдесинде 7500дөй качкын отун-суусу жок, суукка кайыгып турушканы кабарланды.

Алар Венгрия менен чектеш аймакта топтолуп турушат.

- Абдан суук, үч күндөн бери кар токтобой жаап жатат. Бизде суу да жок, ачкабыз, эмне болобуз эми? - дейт ооганстандык качкын Мухамед.​

Румынияда да калың түшкөн кардан улам бир катар жолдор жабылып, поезд каттамдары токтоду. Болгарияда ондогон айыл-кыштактар электр жарыксыз калууда.