ЕАЭБде кысылган Кыргызстан

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кечээ казак тарап Кыргызстандан Орусияга ташылчу азык-түлүктү автоунаа менен алып өтүүгө койгон чектөөлөрүн жойду. Мындай чектөөнү коңшу өлкө 3-январда киргизип, азыктар темир жол менен гана ташылышы керектигин Бишкекке күтүүсүз кабарлаган эле. Парламенттин айрым депутаттары Казакстан тараптан Кыргызстан товараларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого чектөө киргизилип жатканына байланыштуу өкмөткө каршы чараларды көрүүнү сунуштаган. “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында Евразия экономикалык биримдигиндеги ушул жана башка көйгөйлөр талкууланды. Эмне себептен Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында өз мүмкүнчүлүгүн тийиштүү деңгээлде колдоно албай жатат? Деги эле Кыргызстандын бул биримдикке киргенден берки абалын кандай баалоого болот? Талкууга экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров катышты.