Адабият боюнча 2015-жылкы Нобель сыйлыгынан лауреаты, беларусиялык жазуучу Светлана Алексиевич орусиялык ПЕН-борбордон чыкканын жарыялады.
Жазуучуну бул кадамга уюмдан журналист Сергей Пархоменконун чыгарылышы түрткөнүн билдирди.
“Орусиялык ПЕН-борбордун “кара тарабын” жеңе алган жокпуз”-деди Алексиевич.
Акыркы эки күндүн ичинде ПЕН-борбордон чыкканын орусиялык жазуучулар Борис Акунин менен Александр Иличевский, акын Лев Рубинштейн да жарыялады.
Журналист Сергей Пархоменконун клубдан чыгарылганы 10-январда маалым болгон. Уюмдун жетекчилиги журналист “чагымчылык менен алектенип келгени” үчүн четтетилгенин түшүндүрдү.
Пархоменко өзү уюмдан четтетилишин “Эхо Москвы” сайтына жарыяланган текстине байланыштуу болду деп эсептейт. Ал макалада ПЕН-борбордун камакка алынган украиналык жазуучу жана сценарист Олег Сенцовду колдоодон баш тартканын сынга алган.
ПЕН-клуб адабият, сөз жана ой эркиндигин колдойт. 1921-жылы негизделген бул клуб жазуучулардын эл аралык коомун 100дөн ашуун өлкөдөгү 146 ПЕН борборлор аркылуу бириктирип келет.