Грузия орус аскерлеринин Абхазиядагы чиркөөнү бузуп салышын айыптады

Грузиянын президенти Георгий Маргелашвили.

Грузиянын президенти жана өкмөтү Абхазияда XIX-кылымга таандык чиркөөнүн жана көрүстөндүн орус аскерлери тарабынан жок кылынышын кескин айыпташты.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, Орусиянын коопсуздук күчтөрү машыгуучу аянтын кеңейтип жаткандагына байланыштуу Цебелда кыштагындагы жарым-жартылай бузулган байыркы чиркөөнү жана ошол эле аймактагы көрүстөндү түрттүрүп салышкан.

10-январда Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили аскерлердин аракеттерин “орус баскынчылары тарабынан атайын жасалган вандализм” деп атап, эл аралык коомчулукту болгон окуяга көңүл бурууга чакырды.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Москваны “басып алган аймактарда маданий эстеликтерди бузууну токтотууга” чакырды.

2008-жылдын август айында болгон беш күндүк Орусия-Грузия согушунан соң Москва жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарынын төбөлсүздүгүн тааныган.

Бул өз алдынчалык жарыялап алган чөлкөмдөрдү Орусиядан башка Никарагуа, Венесуэла жана Науру гана тааныган. Тблиси жана Батыш мамлекеттери аталган аймактарды Грузиянын бөлүгү катары санашат.

Абхазия жана Түшткү Осетияда Орусиянын миңдей аскерлери жайгашкан.