Жазуучу Акунин Орусиянын ПЕН борборунан чыгаарын жарыялады

Орусиялык жазуучу Борис Акунин.

Белгилүү орусиялык жазуучу Борис Акунин (өзүнүн аты-жөнү Григорий Чхартишвили) орусиялык Пен борбордон чыгаарын билдирди. Ал өз чечимин Фейсбуктагы баракчасында мындай деп түшүдүрдү:

- ПЕН кыймылынын негизги максаты - сөз эркиндиги үчүн күрөшүү, өз көз караштары үчүн куугунтукка кабылган, камакка алынган, өмүрлөрү коркунучка кабылган жазуучуларды коргоо. Орусиялык ПЕН борбору бул көйгөйлөр менен алектенбегендиктен ал ПЕН кыймылына эч тиешеси жок деп эсептейм.

Бир күн мурда орусиялык ПЕН борборунан чыкканын акын Лев Рубинштейн жана жазуучу Александр Иличевский да билдирген. Алардын бул чечимине клубдагы башка жазуучуларга карата репрессиялык чаралардын колдонулушу түрткү болгон.

10-январдан тарта ПЕН борбордон “Диссернет” коомчулугунун активисти, жазуучу Сергей Пархоменко чыгарылган.

Ал эми орусиялык ПЕН борбордун президенти Евгений Попов уюмда эч кандай бөлүнүп-жарылуу жоктугун белгиледи.

ПЕН клуб адабият, сөз жана ой эркиндигин колдойт. 1921-жылы негизделген бул клуб жазуучулардын эл аралык коомун 100дөн ашуун өлкөдөгү 146 ПЕН борборлор аркылуу бириктирип келет.