Питерде шеригин поездге түртүп жиберген кыргызстандык кармалды

Метро

22 жаштагы кыргызстандык жаран 10-январь күнү “Александр Невский аянты” станциясында жакындап келип калган поезддин алдына шеригин түртүп жиберген. Поезддин алдында калган киши ошол замат жан берген.

Санкт-Петербург милициясынын маалыматы боюнча кармалган киши таанышы менен урушуп кетип, түртүп жибергени аныкталган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кармалган адам менен өлгөн киши экөө тең Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышкан. Ал эми “Мир” телеканалы өлгөн киши Өзбекстандын тургуну болгонун маалымдоодо. (ZKo)