Улуттук банк сатыкка доллар чыгарды

Жаңы жылдын эсебинен Улуттук банк алгачкы жолу долларды сатууга чыгарды. Буга АКШ долларынын сомго карата баасынын өсүп жатышы себеп болду. 10-январь күнү башкы банк тарабынан 11 миллион 850 миң доллар сатылды.

Улуттук банктын курсу боюнча 1 АКШ доллары 69 сом 48 тыйын турат. Бул кечээки күнкү баага караганда 20 тыйынга кымбат. Ал эми борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда АКШ доллары 69,7 сомдон сатылууда.

Өткөн жылы Улуттук банк тарабынан 52 жолу интервенция жасалган. Анын тең жарымында банк 149,64 млн долларды сатыка чыгарып, ошол эле учурда 191,87 млн долларды акча базарынан кайра сатып алган.(ZKo)