Бишкекте спорттун жиу-житсу түрүнөн өлкө чемпиондугу өтөт

Күрөштүн жиу-житсу түрү.

Спорттун жиу-житсу түрү боюнча өлкө чемпиондугу 14-15-январь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Таймаштар үч багытта - өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында уюштуруларын Кыргызстандын жиу-житсу федерациясы маалымдады. Жеңүүчүлөр 2017-жылы Түркмөнстанда өтө турган Азия оюндарына катышат.

Жиу-житсу - жапон спорту саналат. Анда атаандаштар негизинен кол күчү менен күрөшөт. (SE)