Бүгүн Бишкекте мэр шайланат

Бишкек шаарынан бир көрүнүш. Улуттук филармония. Архив.

Калаа башчылыгына эки талапкер – азыркы мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов жана Нурдин Абдылдаев ат салышууда.

Бишкектин Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдиргендей, шаардык кеңештеги жашыруун добуш берүү саат 10до башталат.

-Эреже боюнча 45 депутаттын 30дан ашууну катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 жана андан көп депутаттын колдоосуна татыган талапкер мэр болуп шайланат.

Албек Ибраимовду шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк, ал эми Нурдин Абдылдаевди "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган.

Көпчүлүк коалицияда КСДП, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары бар. “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” оппозицияда. (SE)