Депутаттар Казакстанга контрчектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

"Ак-Жол" чек ара бекети.

Казакстан ветеринардык жана фитосанитардык негизге таянып Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына чектөө киргизгенине жооп кылып Жогорку Кеңеште айрым депутаттар кошуна өлкөгө чектөө киргизүүнү сунуштады. Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Дастан Бекешев Казакстандын жумуртка жана башка азыктарын өлкөгө киргизүүгө бөгөт коюу керектигин айтып, муну ал кошуна өлкөдөн мөөнөтү өткөн жумуртка импорттолуп жатканын белгиледи.

Ал эми депутат Экмат Байпакбаев Казакстандын ун тармагына чектөө киргизүү керек деп, кошуна өлкөдөн суроо талаптагы ун келбей жатканын ырастады.

- Биздин мыйзамда Кыргызстанга байытылган ун келиши керек деп жазылган. Бирок чындыгында андай ун келген жок. Бул Казакстандын ун тармагына чектөө киргизүүгө толук негиз болуп бере алат.

Өз кезегинде вице-премьер министр Олег Панкратов “Кыргызстандын товарлары чек арадан өтпөй турганы өзүбүздүн күнөөбүз” деп, жагдайдан чыгыш үчүн ушу тапта лабораториялар активдүү курулуп жатканын билдирди. Ал эми Казакстандан өлкөгө байылтылбаган ун импорттолуп жатканы менен мыйзам импортко уруксат берерин кошумчалады. (SDz)