Бишкек мэрлигине талапкерлер “Сентябрь” телеканалында таймашат

Талапкерлердин телетаймашы 10-январь күнү кечинде башталат. Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери Нурдин Абдылдаев Социал-демократтар партиясы баштаган көпчүлүк коалициянын талапкери Албек Ибраимовду шайлоонун алдында теледебатка чакырып, Ибраимов ага макулдугун берген.

Талапкерлер телетаймашты Коомдук телеканалда өткөрүү максатында анын жетекчилигине 6-январь күнү кайрылган. Бирок телеканалдын жетекчилери эфир бөлүү тууралуу өтүнүч кеч берилгенине байланыштуу, телетаймашка уруксат берүүдөн баш тарткан. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун берген түшүндүрмөсү боюнча, кайрылуу болгону менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын катчылыгы аны убагында тастыктабай, жоопту кеч берген. Ошондуктан, телетаймашка эфир берүүгө мүмкүн болбой калган, деп билдирди Илим Карыпбеков.

Бишкек мэрин шайлоо 11-январда болот. Шайлоого эки талапкер: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Нурдин Абдылдаев жана учурда шаар башчынын милдетин аткарып жаткан Албек Ибраимов катышууда.(ZKo)