Турмушу татаал Алайкуу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Удаама-удаа жааган оор кар быйыл Алайкуу өрөөнүндөгүлөрдү куп эле сынагандай болду. Бир туруп күрткү жолду жаап калса, бир туруп электр линиясы үзүлөт. Ызгаарда оору-сыркоо да арбып, элди жүдөтүүдө. Ал ортодо чөптүн наркы кымбаттап, мал-жан кол карап калды. Бийликтер болсо жолду үзгүлтүксүз тазалап жатканын айтууда. “Азаттыктын” кабарчысы Эрнист Нурматов Кара-Кулжа районунун алыскы Алайкуу өрөөнүнөн кабар алып келген.