Австрияда аялдарга ыдык көрсөткөндөр ооган жарандары экени айтылууда

Австриядагы шаарлардын бири.

Жаңы жыл майрамы алдында Австриянын Инсбрук шаарында 18 аялга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелген 6 жигиттин тек-жайы аныкталды. Калаа полициясынын жетекчиси Мартин Кирхлердин айтуусунда, алардын баары Ооганстандын жарандары. Жаш курактары 18ден 22 жашка чейин. Арасында айрымдары качкын катары жашайт. Шектүүлөрдүн аты-жөнү Австриянын мыйзамдарынын негизинде ачык айтыла элек.

Жабырлануучулардын маалыматына караганда, шектүүлөр борбордук аянтта уюштурулган жаңы жылдык концерт учурунда аялдардын дене-мүчөлөрүн кармалап, өпкүлөгөнгө аракет жасашкан. Айрым жабырлануучулар аларды сүрөткө тартып, полицияга тапшырган.

Шектүүлөрдүн бири күнөөсүн мойнуна алды, калгандары айыпсыз экенин айтууда. Азырынча эч кимиси камакка алына элек, иликтөө жүрүп жатат.

Өткөн жылы да жаңы жыл түнү Германиянын Көлн шаарында бир топ аялдарга зордук кылган фактылар катталган. Кармалгандар Түндүк Африкадан келгендер экени кабарланган эле.

Расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылдан бери Ооганстан жана Жакынкы Чыгыштан Европага агылган миллиондон ашуун бозгундун 130 миңине Австрия баш паанек берген. (SE)