Президент Александр Лукашенко 80 өлкөнүн жарандарына Беларуста беш күнгө чейин визасыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду. 9-январда кол коюлган жарлык президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин, АКШнын, Жапониянын, Бразилиянын жана башка 48 өлкөнүн жарандары Беларуска визасыз кире алышат.
Кытай, Гондурас, Гаити, Гамбия, Индия, Ливан, Намибия, Самоа жана Вьетнамдын жарандары да өлкөгө визасыз кириши үчүн аларда Европа мамлекеттеринин бир канча визасы болушу керек.
Бул жарлык мамлекеттик маалыматтарга жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.