Египеттеги кол салуудан полиция кызматкерлери набыт болду

Каир шаары.

Египеттин Синай аймагындагы Эл-Ариш шаарында жанкечти полиция бекетинде унаасын жардырып, андан кеминде сегиз полиция кызматкери мерт болду.

9-январда болгон бул окуядан 13 адам жаракат алды. Жанкечти таштанды салынган жүк ташуучу унаага жардыруучу заттарды салып, полиция бекетине сүзүп кирген. Чоң жардыруудан үч кабаттуу полиция имараты кыйрады.

Кол салууга эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Бирок “Ислам мамлекети” террордук тобунун жергиликтүү согушкерлери Синайдагы коопсуздук күчтөрүн буга чейин бир нече жолу бутага алган.

Ноябрь айында Синайдагы полиция бекетинде болгон кол салуу 15 аскердин өмүрүн алган болчу.