Сириянын президенти Башар Асад эгер оппозиция өкүлдөрү менен тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашса, өз өкмөтү бардык маселелерди талкуулоого даярдыгын билдирди. Асад мындай оюн француз журналисттери менен маегинде айтканын Сириянын САНА мамлекеттик агенттиги кабарлап чыкты. Маалыматка ылайык, Асад өкмөттүк делегация сүйлөшүүлөргө барууга даяр турганын белгилеген.
Орусия, Иран жана Түркия Сирия маселеси боюнча Казакстандын борбору Астанада тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө макулдашышкан. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жыйын 23-январда өтүшү мүмкүндүгүн ишара кылган.
Сириянын оппозициячыл топтору Астанадагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу кеп козгогону менен жыйынга катышаарын расмий билдире элек.