"Алтын глобус": "Ла-ла-лэнд" тасмасы мыкты аталды

"Ла-ла-лэнд" тасмасынын жеңүүчүлөрү

Жекшембиде өткөн "Алтын глобус" кино сыйлыгын тапшыруу аземинде жаш актриса жана пианисттин сүйүүсүн чагылдырган “Ла-ла-ленд” тасмасы жети номинация боюнча жеңүүчү аталды. Режиссер Дэмьен Шазеллдин эмгеги “мыкты мюзикл, сценарий, режиссер, ыр” деген наамдар боюнча "Алтын глобуска" татыды. Ал эми башкы ролдорду аткарышкан Эмма Стоун менен Райан Гослинг эң мыкты актер, актриса деп табылды.

"Бул тасма кыялкечтер үчүн. Мен үмүт жана чыгармачылык жашоодогу эң маанилүү нерселердин бири деп ойлойм. Бул тасма дал ошол жөнүндө. Ошол себептен кастингден тандалбаган, алдынан эшикти жаап коюшкан, убагында таланты байкалбай калган ар бир чыгармачыл адам изденүүнү жоготпой, алдыга карай жыла бериши зарыл. Мен ошол сезим менен бөлүштүм. Бул үчүн силерге рахмат. Ыраазымын",-деди Эмма Стоун.

Ошондой эле Британ ханышасы Елизавета II өмүр таржымалын баяндаган “Таажы” сериалы мыкты драматикалык сериал деп табылып, башкы ролду аткарган Клер Фой да “Алтын глобус” алды.

“Алтын глобус” сыйлыгы 1944-жылдан бери жыл сайын ыйгарылып келет. Жеңүүчүлөрдү 90дой эл аралык журналист мүчө болгон Чет өлкөлүк пресса ассоциациясы тандайт.