Кыргызстандык окуучулар Жапонияга барышат

Жапония.

Кыргызстандык он окуучу Жапониядан кыска мөөнөттө билим алып кайтышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 15-18 жаштагы окуучулар Жапониянын Билим, илим, маданият, спорт жана технологиялар министрлигинин чакыруусу менен «Sakura Science Plan» программасынын алкагында сынакка катышып, тандалып алынган.

Сынакты Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия жүргүзгөн. Ал эки тур менен өтүп, 100дөн ашык катышуучунун ону жапон тараптын талабына туура келген.

Окуучулардын бардык чыгымын Жапония көтөрөт. (NT)