Жаңы үлгүдөгү алгачкы Airbus жүргүнчү учагы жакынкы күндөрү Иранга жеткирилгени турат. Бул тууралуу Европалык авиация фирмасынын өкүлү билдирип, Иран тарап A321 учагынын техникалык кароодон өткөрүп алганын кабарлады. 189 орундуу учак Германиянын Гамбург шаарында куралган.
Иран учакты расмий түрдө 11-январда Франциянын Тулуза шаарында өткөрүп алат. Апта соңунда учак Иранга келгенде да өзүнчө азем уюштурулат.
Бул эл аралык санкциялар жеңилдегенден кийинки Батыш менен кызматташтыкты күбөлөгөн алгачкы келишимдердин бири болуп калмакчы.
Иран жалпысынан 200дөй коммерциялык учак сатып алуу ниетин билдирген. Алардын 80ин АКШда жасалган “Боинг” учактары түзөт.
2015-жылы кабыл алынган эл аралык келишимге ылайык, Иран өзөктүк курал жасоо дымагын тизгиндеп, ага жооп катары Батыштын санкциялары четинен алынышы керек болчу.