Ысык-Көл облустук казыятынын Түп районундагы өкүлчүлүгү колунда жок 60 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун таратты. Өтө жакыр эки үй-бүлөгө азык-түлүктөр да берилип, электр энергиясына болгон карыздары төлөндү. Кыргызстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай жардам узаган аптада демөөрчүлөрдүн колдоосу менен казыяттын өкүлчүлүгү аркылуу ишке ашырылды. (SE)