Түрк жана Ирак премьерлери Башикадагы түрк аскерлери боюнча сүйлөштү

Ирактын Башика аймагы

Түркия жана Ирактын премьер-министрлери Мосулдун жанындагы түрк аскерлеринин жайгашуусу боюнча маселени талкуулады.

Мындай сүйлөшүү түрк премьери Бинали Йылдырымдын Багдатка сапары учурунда өттү.

Сүйлөшүү жыйынтыгы тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар келүүдө.

Жолугушуудан соң Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Абади түрк тарап бул маселени жакынкы убакта чечүүгө убада бергенин билдирди.

Ошол эле учурда Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” агенттиги Биналы Йылдырымдын сөзүнө шилтеме берип, “аймакта түрк аскер инструкторунун калышы - муктаждык” экенин жазып чыкты.

Мындан сырткары Йылдырым Түркия Ирактын аймактык бүтүндүгүн сыйлаарын жана ага шек келтирчү аракеттерге барбай турганын кошумчалаган.

Түркия 2015-жылдын аягында Мосулдун жанындагы Башика аймагына 500дөн ашык аскер жөнөткөн. Буга расмий Багдат каршы чыгып, Анкарадан аскерлерин чыгарууну талап кылган.

Анкара болсо аскерлер Мосул шаарын жихадчылардан кайтаруу операциясын утурлай машыктыруу иштерине тартылып жатканын ырастап келген эле.