Сириянын түндүгүндөгү жардыруудан каза болгондор 48ге жетти

Сирия.

Сириянын түндүгүндөгү Түркия менен чектеш шаардагы жардыруудан каза болгондордун саны 48ге жетти. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматында каза болгондордун көпчүлүгү карапайым тургундар.

Анда Аазаз шаарынын сотунун имаратынын алдында май ташыган унаа жарылган. Жардыруудан 14 согушкердин да ажал тапканы айтылууда.

Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок “Ислам мамлекети” террордук тобу уюштурушу мүмкүн деген божомол айтылууда.

Бул окуя Түркия жана Орусиянын ортомчулугу менен кол коюлган тынчтык келишими күчүнө киргенден кийинки экинчи чоң жардыруу болуп калды.

Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Аазаз шаарына “Ислам мамлекети” террордук тобу бир нече жолу чабуул жасаган.

Бул шаар Түркия колдогон Сириянын оппозициячыл эркин армиясынын көзөмөлүндө турат.