Израил БУУга төлөчү мүчөлүк акынын өлчөмүн кыскартты

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху БУУнун трибунасында. 2016-жыл

Израил быйыл БУУга жыл сайын төлөчү мүчөлүк акыны 6 миллион долларга кыскарат. Мындай кадамга Израил бийликтери Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияга жооп иретинде барды.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги мүчөлүк акынын кыскартылган бөлүгүн Улуттар уюму “Израилге каршы уюмдарга” коротмок деп эсептейт.

Жалпысынан Израил БУУга жыл сайын 40 миллион доллардай мүчөлүк акы төлөп келген.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 23-декабрда Израилдин палестиндер өз аймагы катары санаган жерлерде конуштарды курууну улантып жатышын эл аралык мыйзамдарды “одоно бузуу” катары баалап, резолюция кабыл алган. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен АКШ бул чечимди колдогон эмес.