Атамбаев эс алуусун Кытайда өткөрөт

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга иш сапары аяктаган соң, кыска мөөнөттүү эс алууга чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 9-январдан 14-январга чейинки эс алууну президент үй-бүлөсү менен Кытайда өткөрмөкчү.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга 5-январда иш сапар менен кеткен.(BkA)