Трамп хакердик чабуулдарга каршы чара көрүүнү убада кылды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп хакердик кийлигишүүгө каршы чечкиндүү чара көрөрүн билдирди. Бул тууралуу АКШнын атайын кызматтарынын баяндамасы менен таанышкан соң билдирди. Анда Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого Орусиянын хакердик чабуулдар менен кийлигишкени айтылган.

Трамп өз администрациясы 20-январда президенттик кызматка киришкен соң 90 күн аралыгында кибер чабуулдарды токтотуу жана күрөшүү үчүн атайын план иштеп чыгууну тапшырганын жарыялады.

Шайланган президент бул жааттагы коопсуздуктун “ыкмалары жана тактикасы” коомдук талкуулоо аркылуу болбошу керек деген пикирин айтты.

Ошондой эле Трамп өкмөт менен катар ар кыл уюмдарды, ишканаларды хакердик чабуулдарга каршы турууга чакырды.

Ал эми Трамп менен кошо вице-президенттике келчү Майк Пенс мындай хакердик кийлигишүүлөрдү токтотуу жаңы президенттин максаты экенин кошумчалады.

АКШнын чалгын агенттиктери Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы шайланган президент Дональд Трампка жардам берүү жана Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук берген деген тыянакка келишкен.

Улуттук чалгындоо кызматынын директорунун кеңсеси 6-январда ачык жарыялаган баяндамада бул аракет республикачылардын талапкери Трампка анын демократ атаандашы Хиллари Клинтонго шек келтирүү аркылуу жардам берүүнү көздөгөнү айтылат.