Керри Иран келишимин сактоого чакырды

Жон Керри

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шайланган президент Дональд Трамптын администрациясын Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге шек келтирбөөгө чакырды. Ал Иран менен дүйнөнүн алты державасы 2015-жылы жетишкен келишим менен дүйнө бир кыйла коопсуз болуп калганын айтты.

Дональд Трамп Иранга көп артыкчылык берилип калды деген жүйөө менен өзөктүк келишимди сынга алган. Келишимге ылайык, Иран өзөктүк дымагын тизгиндеп, ага жооп катары эл аралык санкциялар алынышы керек эле.