Жалал-Абад шаарындагы "Керемет" эс алуу жайынын милицияга кол көтөргөн жараны үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту кабыл алды.
Буга чейин шаардагы мончолордун биринин 40 жаштагы жетекчиси жана анын таанышы милицияга кол көтөргөн деген шек менен кармалган. Облустук ички иштер башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, шаардын тургуну аталган жайда тууганынын коркутуусуна туш болуп жатканын айтып, милицияга кайрылган. Эс алуу жайга барган милиция кызматкерлерине мончо башчысы мас абалда каршылык көрсөтүп кол көтөргөн. Ага жанындагы шериги да жардам берген.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, эки адам камакка алынган эле. (BkA/RsK)