Түркия Орусия менен Иранды “Хезболла” жана Сириядагы шиит топторуна ок атууну токтотууга чакырык кылууга үндөдү.
Анкара аталган топтор өткөн жумада макулдашылган Сириядагы ок атуу келишимин бир нече жолу бузду деп айыптоодо.
Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эгер келишимди бузуу улана берсе, ал 23-январда Астанада өтчү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизерин эскертти.
- Ок атуу келишимин кайрадан бузулуп жатканын көрүүдөбүз. Негизинен бул келишимди “Хезболла” жана айрым шиит топтору бузуп жатат, - деди Чавушоглу.
4-январда Дамасктын чеке-белиндеги Вади Барад аймагында атышуулар орун алганын Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы ырастады.
Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчуларды айыптаса, оппозиция Башар Асаддын күчтөрүнө кине коюуда.
29-декабрда Орусия менен Түркиянын ортомчулугу алдында тараптар ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Анда Сириядагы ок атууну токтотуп, Башар Асаддын өкмөтү менен оппозиция ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо каралган.
Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн ушул айда Казакстандын борбору Астанада өткөрүүнү сунуштаган.
Кийин бул келишимдин негизинде атайын резолюцияны БУУнун Коопсуздук кеңеши колдоого алган.