Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга жумушчу сапар менен Кытайга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Сапар алкагында Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат. Анда мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин олуттуу маселелерин өнүктүрүү жана эки тараптын кызыкчылыктарына тиешелүү эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулайт.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Кытайга сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Иран темир жолунун курулушу боюнча маселени талкууларын билдирген эле.(BkA)