Түркия түнкү клубга кыргын салган жанкечти аныкталганын жарыялады

Курмандыктарды эскерүү.

Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 4-январда мамлекеттик “Анадолу” агенттигине билдирди. Анын айтуусунда, кол салган адамдын тек-жайы аныкталды. Бирок Чавушоглу бул багытта толук маалымат берген жок:

- Шектүүнү кармоо аракеттери уланууда. Жашаган үйү аныкталып, аны менен кимдер байланышкан, кимдер жардам бергени иликтенүүдө.

1-январга караган түнү Стамбулдагы Reina клубунда жаңы жыл тосуп жаткандарга автомат менен куралданган адам кирип келип, туш келди ок ачкан. Андан 39 адам каза таап, 69у ар кандай жаракат алган. Кол салган адам качып кеткен. Окуя үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ алган.