ТИМ: Машрапов боюнча Түркиядан расмий суроо-талап келе элек

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Түркия тарап дипломатиялык каналдар аркылуу Яхъё Машрапов боюнча кандайдыр бир расмий суроо-талап жибере элек. Бирок ага карабай, Кыргызстандын укук коргоо органдары өз алдынча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат, деген билдирүүнү Кыргызстандын ТИМи жарыялады.

Буга чейин Түркия жана бир катар чет өлкөлүк ММКлар кыргызстандык Яхъё Машраповдун 31-декабрь түнү Стамбулдагы терактка тиешеси бар деп жарыялап, бирок бул маалыматтар ырасталган эмес. Мындан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ММКларды күнөөсү далилдене элек адамды каралоону токтотууга чакырууда.

ТИМдин билдирүүсүндө, түркиялык укук коргоо органдарына көмөктөшүү иретинде кыргыз тарап бардык суроо-талапка жооп берүүгө даяр.

Кыргызстандык Яхъё Машрапов 3-январда өзү да терактка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Кечээ ал УКМКда суракта болгонун билдирип, өзүнө таандык паспортун Кыргызстандын укук коргоо органдары алып койгонун кабарлады. (SDz)