Кол салууга шектүү боюнча Түркия Кыргызстанга расмий кайрыла элек

Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунан кабарлашты.

Айрым түрк маалымат каражаттары кол салууга шектүү делген адам катышкан видео тасма жана кыргыз паспортунун сүрөтүн көрсөтүшкөн. Тасмада шектүү Стамбулдун Таксим аймагында 2016-жылдын октябрь айында өткөн китеп фестивалда жүргөнүн көрүүгө болот.

Кыргыз консулдугунун имараты аталган фестивал өткөн жайга катарлаш жайгашкан.

Стамбулда бул фестивалдын алкагында ноябрь айында Кыргызстандын маданият күндөрү өткөн.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Андан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчу тобу өзүнө алган. (ElB)