Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Стамбулда 39 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулга кыргызстандык жарандын катышы боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.
Ал коопсуздук комитети Түркиянын атайын кызматтарына расмий кайрылуу жолдоп, учурда тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатканын айтты.
Ошондой эле Сулайманов Стамбулдагы кол салууга шектүү колдонду делген паспорт боюнча текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Андан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган. (BkA)