АКШ сенаторлору Грузия жетекчилиги менен жолугушат

АКШ сенаторлору Грузияда.

Грузияда жүргөн АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Линдси Грэхем, Жон Маккейн жана Эми Клобукер бүгүн бул өлкө жетекчилиги менен жолугушат. Алар Тбилисиге 1-январда барышты. Анын жүрүшүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды күчөтүү үчүн Конгрессте аракет көрүшөрүн билдиришти.

-Биз коллегаларыбызды Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө үндөйбүз, анткени алар хакерлик кылды, муну далилдер көрсөтүп турат, - деп айтты сенаторлордун бири Жон Маккейн.

Сенаторлор 2008-жылдагы беш күндүк согуштан кийин Орусиянын көзөмөлүнө өткөн Түштүк Осетияга жакын жайгашкан Хурвалети аймагына барды. Маккейн Грузиянын толук көз карандысыздыгын камсыздоо, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн бардык колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.