Майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 45 кубметр таштанды чыгарылды

"Ала-Тоо" аянты.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы жылдык майрамдан кийин борбордук аянт тазаланды. “Тазалык” ишканасынын жумушчулары 1-январда түнкү саат 2ден таңкы 5ке чейин иштеди. Башкалаада башкы балаты орнотулган аянтты тазалоого 60 жумушчу жана атайын техникалар тартылып, 45 куб метр таштанды чыгарылды. (NT)