Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы жыл түнү өлкө аймагында олуттуу тартип бузуу катталган жок.
“Коомдук тартипти милиция толугу менен көзөмөлдөдү”-деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
Жаңы жылга байланыштуу 30-декабрдан тарта милиция күчөтүлгөн режимге өткөн. Өлкө боюнча 7800, ал эми борбор калаа Бишкекте 2600 милиция кызматкери коомдук тартипке көз салды.(BkA)