Жаңы жыл түнү өлкө боюнча 22 өрт кырсыгы катталды

Жаңы жыл түнү өлкө аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 26 өрт өчүрүү бригадасы тартылды. Адам өмүрүнө олуттуу зыян келген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы жылды майрамдоо учурунда күчөтүлгөн режимде иштеди. 31-декабрда өлкө боюнча 800 дөн ашык өрт-куткаруу кызматкери, 160 атайын техника, 129 өрт өчүрүүчү жана 21 куткаруучу унаасы нөөмөттө болду. (BkA)