Борбордук аянттагы майрамдык маанай

Дээрлик ар бир заманбап чөнтөк телефондун фотоаппараты бар. Ошондуктан аянтка келгендердин айрымдары бири-бирин сүрөткө тартып же селфи кылышат. Ошентсе да моюнуна фотоаппаратын асынып жүргөн сүрөтчүлөргө да талап чоң.

Сүрөтчүлөрдүн дагы бир кардарлары - бул балалуу үй-бүлөлөр. Алар кичине уул-кызын аянтка алып келип, ар кандай жаныбарлардын кийимин кийген аниматорлор менен сүрөткө түшөт.

Сүрөтчүлөр тарткан сүрөтү үчүн өзүнча акча алса, ал эми жаныбарлардын, мультфильмдеги каармандардын костюмун кийген аниматорлор сүрөткө чогуу түшкөнү үчүн да 50 сомдой акча алат. Негизинен мындай жумушта студенттер иштейт. Алар костюмду өздөрү тигет же даярын сатып алат.

"Телефонго тартылган сүрөт башка, бул жерден сүрөтүңдү дароо кагазга чыгарып беришет", - дейт аянтка апасы менен келген Айнура.

Майрам алдында жааган суу кар "Тазалыктын" кызматкерлерин да жүдөттү.