Ош-Сарыташ-Эркештам жолу жабылды

Иллюстративдик сүрөт.

Ош-Сарыташ-Эркештам жолуна 29-декабрда кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көчкү кечээ кечке жуук каттамдын 172-чакырымына түшкөн. Азыр жол тазалоо иштери уланып жатат. Аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда, ашууларда көчкү коркунучу сакталууда. (NT)