"Бабур Нааме" кыргыз тилинде жарык көрдү

"Бабур Нааме" китебинин иллюстрациясы.

Улуу Могол империясынын түптөөчүсү Захреддин Мухаммед Бабурдун “Бабур Нааме” эскерүүлөр жыйнагы кыргыз тилинде басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. Тарыхый мааниси терең “Бабыр-баян” китебин Төлөгөн Козубеков кыргызчалаган. Тарыхый баян академик Абдылдажан Акматалиевдин редакциясы менен басылып чыкты.

Бабурдун китеби кыргыз тилинде “Тарых жана маданият” жылынын алкагында жарык көрдү.(BkA)