Кадамжайда жаңы жылдык балатыны талкалап кетишти

Кадамжай шаарынын борборунда орнотулган жаңы жылдык балатаны белгисиз адамдар талкалап кетишти. Бул тууралуу шаар тургундары кабарлашты. Маалыматка ылайык, балатыны 27-декабрдын түнүндө талкалашкан. Аны шаар мэриясы орнотуп, ага 60 миң сом каражат жумшаган. Мындан сырткары шаардагы маданият үйүнүн терезелерин да талкалашкан. Учурда милиция тартип бузгандарды издеп жатат. (BkA/YI)