Манас” аэропортунда Стамбулдан жасалма паспорт менен учуп келген аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чек арачылар учуп келген аялды текшерүү учурунда анын паспортундагы сүрөттүн алмаштырылганын байкашкан. Териштирүүдө кармалган аял Түркиядан келүү үчүн тууганынын паспортун алып, сүрөтүн алмаштырганын моюнуна алган. Учурда кармалган адам УКМКга өткөрүлүп берилди.(BkA)