Орусиянын Сириядагы элчилигине ок атылды 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Дамаскидеги элчиликке 28-декабрда эки жолу ок атылганын жарыялады. Мекеме муну Сириядагы тынчтык орнотуу аракеттерине жолтоо болуу максатын көздөгөн террордук жана чагымчылык кол салуу катары баалады. Маалыматка караганда, снаряддын бири элчиликтин короосуна, экинчиси имараттын жанына түшкөн.

- Дамаскинин четиндеги террордук топтор тарабынан элчилик жана анын кызматкерлерине коркунуч сакталууда, - деп айтылат орус тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле бул окуя террорчулукту түп-тамырынан бери тез арада жок кылуу зарылдыгын кайра көрсөтүп жатканы белгиленген.

Сириядагы алты жылга созулган согушта Орусия президент Башар Асаддын режимин колдоп келе жатат.