Пакистанда ичимдикке ууланган 30 адам набыт болду

Алар Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдарда колго жасалган арактан ууланышкан. Полиция офицери Атиф Имран Куреши ондогон адамдар Пенжаб провинциясындагы Тоба Тек Сингх шаарындагы ооруканага жаткырылганын 27-декабрда кабарлады.

Мусулмандар көпчүлүктү түзгөн Пакистанда алкоголдук ичимдиктерди жасоого жана сатууга тыюу салынган. Бирок мусулман эместер лицензиясы бар дүкөндөрдөн арак-шарап сатып ала алышат. Ал эми христиандар арасындагы жакыр адамдар легалдуу ичимдиктерди сатып алууга кудуретсиз болгондуктан, колдо жасалган ичимдиктерден жыл сайын өлүмгө учурагандары арбын. Март айында сапатсыз ичимдиктен көпчүлүгү индус болгон 40 адам өмүрүнөн ажыраган эле. (AiT)