Москва соту Майдан окуяларын мамлекеттик төңкөрүш деп тааныды

Киев, Майдан.

Сот 27-декабрда Украина Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Владимир Олейниктин доо арызын карады. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги кабарлады. Олейник "2014-жылы Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович парламенттин мыйзамсыз токтомунун негизинде, Конституцияны одоно бузуп кызматтан четтетилген, мамлекет башчыны кызматтан кетирүү жана 2014-жылы 25-майда мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү мыйзамсыз болгон", деп сотко кайрылган.

Сот Майдан батыш өлкөлөрүнүн бир тараптуу колдоосунун негизинде ишке ашкан, жапырт башаламандыктарга алып келип, административдик имараттар басылып алынып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери өлтүрүлгөн, Янукович президенттик кызматтан мыйзамсыз бошотулган, деген чечим чыгарды.

Орусиянын расмийлери 2014-жылы Украинада болгон окуядарды буга чейин эле “төңкөрүш” катары аташкан. Ошол эле маалда Москва мөөнөтсүз өткөн президенттик шайлоону жана Петро Порошенконун жеңишин тааныган. Батыш өлкөлөрү Виктор Янукович Киевден чыгып кетип, өз каалоосу менен президенттиктен четтегенин айтып, 2014-жылы февралда болгон окуяларды төңкөрүш деп эсептебейт. Олейниктин доо арызы 15-декабрдан карала башталган. Жараянда Виктор Янукович күбө катары өткөн.