Украинада жыл ичинде Лениндин 1320 эстелиги алынды

Украинадагы Лениндин эстелиги.

Украинада Декоммунизация тууралуу мыйзамдын алкагында 51 493 көчөнүн аты алмаштырылып, Лениндин 1320 эстелиги алынды. Бул тууралуу Украинанын улуттук эскерүү институтунун маалымат кызмат билдирди.

Жалпысынын Советтер Союзунан калган эки миңден ашуун эстелик алынган.

Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Украина Орусиядан кийинки эле Лениндин эстелиги эң көп сакталган мамлекет болуп келген.

Ошондой эле билдирүүдө быйыл Украинанын Жогорку Радасы 25 райондун жана 987 аймактын атын өзгөрткөнү айтылат.