Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков өткөн жумада орусиялык телеканалдардын биринде билдирди. Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин 1991-жылы болгон Советтер Союзунун таркашын “катастрофа” деп эсептерин кошумчалады.
- Убакыт айтка кайтарылбагандыктан, Путин мурдагы Советтер Союзунун аймагында жаңы интеграция зарыл деп эсептейт,- деди Песков.
26-декабрда Армения, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттери Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өлкө башчыларынын жыйынына катышты.
Жолугушууга аталган эки уюмга тең мүчө Беларустун президенти Александр Лукашенко келген жок.